Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Тарых музейи боюнча териштирүү бир айда жыйынтыкталат


Тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.
Тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.

Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, бир ай ичинде териштирүү жыйынтыкталат. Бул тууралуу 24-декабрдагы басма сөз жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Министр музейдин расмий ачылышы 2019-жылга белгиленгенин, бирок так датасы белгисиз экенин айтты. Ал музей “жайкы туристтик мезгилге карата ачылышы керек” экенин белгиледи.

Бишкектеги Улуттук тарых музейи Маданият министрлигинин карамагында турат. Аны жаңылоого байланыштуу жумуштарга көзөмөл жүргүзүү Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөнү айтылган.

Бул долбоорду ишке ашырууга башында түрк өкмөтү 15 миллион доллар грант бөлүп, бирок белгисиз себептер менен курулуш иштери кечеңдеп келген. Ошого байланыштуу кыргыз өкмөтү имараттын сыртын оңдоону жана музейдин айланасын көрктөндүрүүнү Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгына (ТИКА) калтырып, анын ичиндеги жумуштарды аткарууну Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигине тапшырган.

Аны оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мрамор жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгону айтылган. Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына өткөрүлүп берилген.

УКМК жалпысынан 14 027 чарчы метр гранит, 4 миң чарчы метр мрамор музейдин сыртынан сыйрылганы аныкталганын билдирген. (КЕ)

Музейдеги миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

XS
SM
MD
LG