Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны болот


Элмира Барыктабасова.

Президентке караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу 24-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңештин жаңы шайланган төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алган учурда белгилүү болду. Анда кеңештин иши талкууланып, сот реформасынын алкагында кеңештин орду, аткара турган иштери туурасында маалымат берилди.

Мамлекет башчы сотторду тандоо сынагын өткөрүүнүн сапатын жогорулатуу жана жаңы талапкерлерди тандоодо алардын кесипкөйлүк, адилеттүүлүк, адамдык сапаттарына өзгөчө көңүл буруу керек экенин белгиледи.

Барыктабасова кеңешке төрайым болуп 21-декабрда шайланган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG