Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Индонезияда цунами курмандыктарынын саны 400гө жакындады


Цунамиден кийинки көрүнүш. 24-декабрь, 2018-жыл.
Цунамиден кийинки көрүнүш. 24-декабрь, 2018-жыл.

Индонезия бийлиги маалымдагандай, цунами курмандыктарынын саны 373 болду, дагы 1400 киши жаракат алды, кеминде 120 адамдын дайыны белгисиз:

- Мен курмандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кырсыктан аман калгандарды сабырдуу болууга чакырам. Азыркы учурда ар бир адам сак жана сергек болушу шарт. Биз элди көчүрүү иштерин улантып, каза болгондорду алып чыгып жатабыз. Жаракат алып ооруканага жеткирилгендер да көзөмөлдө, - деди Индонезиянын президенти Жоко Видодо.

Цунамиден улам жүздөгөн үйлөр, мейманканалар, имараттар талкаланды, 12 миңге жакын адам жер которууга мажбур болду.

Индонезиянын Метеорология жана геофизика боюнча агенттигинин окумуштуулары цунами өлкөнүн Ява жана Суматра аралдары ортосундагы кысыкта Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам пайда болду деп болжолдоп жатышат.

Ушул жекшембиге караган түнү жанар тоо атылгандан кийинки суу толкунунун бийиктиги үч метрге жеткен. Индонезияда буга чейин быйыл сентябрда жер титирөөдөн кийинки цунамиде 2500 адамдын өмүрү кыйылган.

Ал эми 2004-жылдын 26-декабрында зилзаладан кийинки цунами Инд океандын айланасындагы 13 мамлекетке, анын ичинде Индонезияга, Шри-Ланкага, Индия, Таиландга сокку урганда 230 миң киши каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG