Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:31

Сырттан келүүчү түз инвестициянын жалпы көлөмү азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанга чет өлкөдөн келген түз инвестициянын жалпы көлөмү азайды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук статистика комитети кабарлады.

Мекеменин өкүлү Камила Тукееванын айтымында, былтыркы жылга салыштырганда бул көрсөткүч 31,5% кем болду. 

- Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында кескин азайды, - деди ал инвестиция тууралуу. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы сырттан келген инвестиция 503 миллион долларга жеткен болсо, быйыл 345 миллионду түздү.

Ошол эле учурда Кыргызстандан чыгып кеткен чет өлкөлүк түз инвестициянын көлөмү көбөйгөнү байкалды. (KJ)

 

XS
SM
MD
LG