Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Жети-Өгүздө чарчап калган наристенин окуясына байланыштуу билдирүү таратты. Анда баланын энеси ымыркайын туугандарына калтырып жатканын жергиликтүү социалдык органдарга расмий түрдө билдирбегени айтылат. Мекеменин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова “Азаттык” радиосуна мындай окуяларга биринчи кезекте ата-эненин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болуп жатканын айтты:
- Балдар кодексинин 76-беренесинде алар жооптуу экени так белгиленген. Көпчүлүк үрөй учурган окуяларда ата-энеси сыртта миграцияда жүргөнү аныкталып жатат. Эгер алар камкорчу катары мисалы, жеңесин же эжесин мыйзам чегинде дайындап кетсе, ал адамдарда да жоопкерчилик болмок.
Милициянын маалыматына караганда, окуя Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында болду. Денеси көк ала 1,5 жашар бала ооруканадан эсине келе албай чарчап калды. Кылмышка шектүү катары таежеси кармалды. Анын 21 жаштагы апасы Москвада мигрант болуп жүргөнү аныкталды.
Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда 119 миң баланын атасы да, энеси да чет жакка иштегени кеткен. (AiA)