Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү боюнча түшүндүрмө берилди

Бишкек. Ош базары.
Бишкек. Ош базары.

29-декабрь - ишемби күн Кыргызстанда кадимкидей эле дем алыш, ал эми 31-декабрь - дүйшөмбү иш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргызстандыктар 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда эс алышат. Ошондой эле жазында май майрамдарына карата 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу күндөрү болот.

Бул күндөр 25-февралга, 8-апрелге, 6-майга жана 2-сентябрга туш келген дем алыштардын эсебинен алынды, андыктан алар иш күнү болот.

Мектептерде кышкы каникул 1-январдан 14-январга чейин уланат. (RK)

XS
SM
MD
LG