Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Илхам Алиев: Армения менен сүйлөшүүлөрдө жылыш болот деп үмүттөнөм


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжан келерки жылы Тоолуу Карабах маселеси боюнча Армения менен сүйлөшүүлөрдө жакшы жылыштар болот деп үмүттөнөт. Бул тууралуу азери президенти Илхам Алиев “Россия 24” телеканалындагы маегинде билдирди.

- Армениянын жаңы жетекчилигинин өлкөнү жаңылоо боюнча пландарын ишке ашыруунун жалгыз жолу – Азербайжан менен чырын чечүү экенине терең ишенем. Бул үчүн алар өздөрүнө тиешеси жок жерлерден чыгып кетип, түмөндөгөн азербайжандыктарга өз жерине кайтууга мүмкүнчүлүк бериши керек, - деди Алиев.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабах чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Армениянын жаңы премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабах Азербайжан менен сүйлөшүүлөр жараянынын толук укуктуу мүчөсү болушу керек деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG