Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Өкмөт экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыкты


Бишкек. Ош базары.
Бишкек. Ош базары.

Өкмөт экспортту өнүктүрүү боюнча 2019-2022-жылдарга пландалган программа иштеп чыкты. Анда негизинен тигүүчүлүк, жашылча-жемишти кайра иштетүү, сүт азыктары жана инновация багытында экспорттук мүмкүнчүлүктү бекемдөөгө көңүл бурулары айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, 2023-жылга карата товар өндүрүп, сыртка жөнөтүүнүн жалпы көлөмү эки эсе арбыйт. Бул максатка жетиш үчүн ишкерлердин ортосунда атаандаштыкка шарт түзүлүп, аймактык жана глобалдык интеграцияга багытталган аракеттер көрүлөт.

Быйыл Кыргызстанда республикалык бюджеттин таңкыстыгы 15 миллиард сомдун айланасында болду. (RK)

XS
SM
MD
LG