Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Индияда 38 миң долларга боорун алмаштырган кыргызстандык бала каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиялык трансплантолог дарыгер Абидипа Чаудри кармалган жок, ал 12 жаштагы өспүрүм боюнча айрым суроолорго жооп алыш үчүн гана милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы чет өлкөлүк дарыгер мыйзамсыз кармалганы тууралуу маалыматтарга ушундай комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, баш калаанын тургуну кайрылып, боору цирроз болгон уулуна Индиядан 38 миң долларга операция жасатышканын, бирок анын абалы такыр оңолбогонун айтып, бул үчүн дарыгерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.

“Индиянын жараны шаардык милициянын тергөө кызматында өз өлкөсүнүн элчилигинин өкүлүнүн катышуусунда суракка алынып, кайра кое берилди. Тилекке каршы, бала эсине келе албай, бүгүн ооруканада каза болуп калды” деп билдирди милиция 24-декабрда.

Факт боюнча териштирүү иштери уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG