Өкмөткө караштуу Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды. Мындай буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон, бирок анын себептери жазылган эмес.
Буга чейин Интернетке Гуламжан Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.
Документте "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган. Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгын кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да Финансылык чалгын кызматын мындай аракети үчүн сындап, ал инвесторлорду качыра турганын билдиришкен. (KR)