Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Финчалгын банк сырларына кызыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын коммерциялык банктардан бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүүнү талап кылып жатканы ачыкка чыкты.

Аталган орган муну террорчулукка жана арам акчаны адалдоого каршы мыйзамды ишке ашыруу аракети менен негиздеген. Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгындоо кызматынын талабын мыйзамсыз деп эсептешет.

Интернетке Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белгиси коюлган, 10-декабрда жазылганы көрсөтүлгөн, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланды. Документте "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтан бул макала жазылып жаткан маалда расмий комментарий ала алган жокпуз.

Кыргызстанда 20дан ашуун коммерциялык банк бар. Коммерциялык банктар бирикмесинин башчысы Анвар Абдраевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул талапка байланыштуу 17-декабрда банк жетекчилери менен жолугушуу болду. Анын жыйынтыгы менен өлкө жетекчилерине кайрылуу каты жөнөтүлдү.

Анвар Абдраев.
Анвар Абдраев.

- Банктардын юристтери, менин юристтерим, өзүм да - баарыбыз мындай талап мыйзамсыз деген бир ойго келдик, - дейт ал. - Бул талап түздөн-түз Конституциянын 26- жана 29-беренелерине жана эки мыйзамга каршы болуп жатат. Улуттук банк менен коммерциялык банктар тууралуу мыйзамдардын 131-беренесине каршы болуп жатат. Биздин биримдиктин негизги функциясы банк тармагынын кызыкчылыгын коргоо болгондуктан банк жетекчилери бизге жардам сурап кайрылышты. Биз бүгүн өлкө жетекчилерине кат жөнөттүк. “Ал жерде туура эмес иштер болуп жатат” деп жардам сурадык, өзүбүздүн оюбузду жаздык. Мындай катты Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчилерине да жөнөттүк. Азыр эми жообун күтүп жатабыз. Азыр социалдык тармактарда да бул талап катуу талкууланып жатат. Бул талап албетте, туура эмес.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын август айында “Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Банк тармагы боюнча эксперт Кубан Чороевдин пикиринде, азыркы мыйзамдарда деле арам акчаны адалдоого каршы чаралар жетиштүү.

- Кыргызстанда биз либералдык, ачык саясат жүргүзүп жатабыз да. Банк купуялыгы тууралуу мыйзам бар, - дейт адис. - Банк купуялыгын ачуунун да мыйзамда көрсөтүлгөн шарттары бар. Кайсы убакта банк ошондой маалыматты бериши керек экенин көрсөткөн жобо бар. Мунун жакшы жагы - чоң суммада акча жүгүртүү мамлекетке билинип турат. Ал эми жаман жагы - инвесторлорду кооптондурушу мүмкүн. Финансылык чалгындоо кызматы 50 миң доллардан көп банктык которуу тууралуу маалыматты ошол банктан эле ала алат. Бирок адамдын эсеби тууралуу маалымат банк купуялыгы тууралуу мыйзам менен корголот. Ошондуктан Финансылык чалгындоо кызматынын талабы жарандардын укугун бузуп калат. Анан мамлекет да муну өз кызыкчылыгына колдонуп коюшу мүмкүн.

Бул маселени өткөн аптада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев көтөргөн жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун пикирине кызыккан.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Мындай кадамдар экономикалык абалды оңдобой эле, тескерисинче төмөндөтүүгө алып келет, - деген эле депутат. - Банк - бул коммерциялык эле институт эмес, анын социалдык да мааниси бар. Эгер банктарга ишеним жоголсо бул экономиканын кайсы бир тармагына чоң сокку болот. Ошондуктан мындай нерселерди абдан кылдат, конкреттүү бир козголгон иштин алкагында, күмөндүү каржы булактарын чалгындоо максатында конкреттүү фактылар менен жүргүзүш керек. Жалпылоо, ушундай маалыматты жалпы чогултуу коркунучка алып келет. Мыйзам жарандардын акча каражатын, каржылык, үй-бүлөлүк документтерин купуя сактоого жол берет. Өткөндө палатадан мен бул маселени көтөргөнүмдө колумда документ жок эле, ишкер чөйрөдөн “ушундай болуп жатыптыр” деп уктум эле. Ошондо Улуттук банктын төрагасынан сураганымда “муну тактап жооп берем” деген болчу.

Мунун алдында камактагы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы тууралуу атайын кызмат тараткан видео банктагы уячанын купуялыгы тууралуу талкууга негиз болгон. Бир жума мурун УКМК банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы тартылган видео тасманы жарыялаган. Бул коммерциялык “Оптима Банк” экени белгилүү болгон жана ал видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын Интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирген.

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG