Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Абанын булганышына мониторинг жүргүзгөн система орнотулат


Бишкектин сыртынан көрүнүшү.
Бишкектин сыртынан көрүнүшү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкек шаарынын абасынын булганышына мониторинг жүргүзгөн автоматташтырылган станция сатып алууга жана орнотууга ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу жарыя мекеменин расмий сайтына чыкты.

Маалыматка караганда, автоматташтырылган станция Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын абалына байкоо жүргүзүү, анын сапатын аныктоо максатында сатылып алынып жатканы белгиленген.

Сынакка катышуу үчүн арыз берүүнүн мөөнөтү 2019-жылдын 3-январына чейин созулат.

Буга чейин аталган мекеме шаардын экологиясына дрон менен байкоо жүргүзүлөрүн кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG