Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:09

Отунбаева президенттен Текебаевге ырайым берүүнү суранды


Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүндү. Мындан сырткары, ал парламенттеги фракция лидерлерин бул демилгеге кошулууга чакырды. Президенттин атына жазылган кайрылууну “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду таратты.

Экс-президент “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзам күнөөнү мойнуна алуу же өкүнүү шартын койбой турганын белгилеген. Анын айтымында, бул мыйзам ырайым берүү маселесин соттолуучунун жеке өтүнүчүнүн негизинде гана чечүүгө мамлекет башчысын милдеттендирбейт.

Отунбаева мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчы соттолуучу өзү кайрылбаса деле, анын сиңирген эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Экс-президент “Өмүрбек Текебаевге карата “токулган” кылмыш иши “өтө оор прецедент” катары тарыхта калды деп эсептейт.

“Адилетсиздиктин бул уятсыз аракети Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунда жууса кеткис так бойдон калат”, - деп жазылган кайрылууда.

Роза Отунбаеванын өтүнмөсүн толугу менен бул жерден окуңуз.

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, бирок Текебаев өзү кайрылса мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (24)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG