Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

2018-жылы кыргыз спортчулары 415 медалга ээ болушту


Келечек балбандар.
Келечек балбандар.

Кыргызстандык спортчулар өтүп бараткан жылы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларда 415 медаль алып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жылдык жыйынтыгында маалымдалды.

Жалпы медалдардын ичинен 103ү алтын, 114ү күмүш жана 198и коло медалдар. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы курама команданын мүчөлөрү мелдештерде 6 медалга, анын ичинен 5 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.

2019-жылы спорттун 75 түрү боюнча республикалык жана эл аралык мелдештер өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG