Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Банк уячаларын текшерүү боюнча жобону аткаруу токтотулду


Гуламжан Анарбаев.
Гуламжан Анарбаев.

Финансылык чалгын кызматынын банк эсептерин жана уячаларды текшерүү боюнча жобосу кайтарылып алынып, аны аткаруу токтотулду. Бул тууралуу 25-декабрда аталган кызматтын жетекчиси Гуламжан Анарбаев парламенттин тармактык комитетинде билдирди. Ал кардарлардын банктагы маалыматын ачыкка чыгаруу боюнча шашылыш чечим кабыл алынып калганын мойнуна алды.

Буга чейин Интернетке Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.

Документте "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Бирок банк тармагы боюнча экcперттер Финчалгын кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов Финансылык чалгын кызматынын коммерциялык банктардагы уячалар жана эсептер боюнча маалыматты алуу аракетин чыккынчылыкка теңеген.

24-декабрда кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланган. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG