Ирак өкмөтү Рождествону (Иса пайгамбардын туулган күнүн) мамлекеттик майрам катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алды. Христиандардын диний майрамдары буга чейин мамлекеттик деңгээлде белгиленген эмес.
1990-жылдардын башында Иракта 1,5 миллион христиан жашаса, былтыр алардын саны 200 миңдин тегерегинде экени айтылган. Ирактын 36 миллиондой элинин көбү ислам динин тутунат.
Кечээ жакында Иракка Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин келип кеткен. Жергиликтүү христиан коомчулугу анын сапары Рим Папасы Францисктин Иракка келишине чыйыр салат деп үмүттөнөрүн билдиришкен.
Иракта христиандар куугунтукка кабылып, "Ислам мамлекети" террордук тобу сыяктуу уюмдардын бутасына айланган учурлар бар. "Open Doors" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Ирак христиандар куугунтукталган өлкөлөрдүн тизмесинде 8-орунда турат.