Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Тажик президенти 2018-жылдагы үч негизги ишин атады


Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү шаары, 9-март, 2018-жыл.
Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү шаары, 9-март, 2018-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өтүп бараткан жылы өлкөсү үчүн эң маанилүү деп үч окуяны атады. Алар: "Суу 2018-2028-жылдардагы туруктуу өнүгүү үчүн" аракеттеринин башталышы, Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берилиши жана Тажикстан менен Өзбекстан президенттеринин бири-бирине мамлекеттик сапарлары. 26-декабрда президент Рахмон парламентте кезектеги кайрылуусун жасады.

Алдыдагы он жылдагы өнүгүүдө суунун мааниси, аны сактоо жана туура пайдалануу аракеттери тууралуу жыйын 22-мартта Дүйшөмбүдө өтүп, 177 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

16-ноябрда Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты иштей баштаган. Экинчи агрегат 2019-жылы ишке берилери пландалган. Президент Рахмон тажик эли Рогундун ачылышын 30 жыл күткөнүн кайрылуусунда белгиледи.

Быйыл мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга келип, 27 документке кол коюлган. Анын ичинде 30 күн визасыз катташуу шарты да бар. Ага чейин визанын айынан чек аранын эки тарабындагы туугандардын бири-бирине каттоосу кыйын болчу.

Андан кийинки Ташкенттеги жолугууда эки президент стратегиялык өнөктөштүк тууралуу документке кол коюшкан. Ал жолугушууда Мирзиёев эки өлкөнүн соода көлөмүн жакын арада 500 млн. долларга жеткиришерин билдирген.

XS
SM
MD
LG