Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

АКШ-Мексика чегинде дагы бир мигрант бала чарчап калды


14-декабрда көз жумган гватемалалык кыздын сөөгүн мекенине жөнөтүү учуру. 23-декабрь, 2018-жыл.
14-декабрда көз жумган гватемалалык кыздын сөөгүн мекенине жөнөтүү учуру. 23-декабрь, 2018-жыл.

25-декабрда АКШнын түштүгүндө дагы бир гватемалалык сегиз жаштагы бала көз жумганы белгилүү болду. Баланы жана анын атасын америкалык күзөтчүлөр чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармашкан. Андан соң Бажы жана чек ара көзөмөл кызматы баланы Аламогордо шаарындагы ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер ага "тумоолоп калган" деп диагноз коюп, дары берип, мыйзамсыз мигранттарды кармаган жайга кайтарышкан. Абалы оңолбогон жеткинчек ооруканага жеткирилип, бир нече сааттан кийин чарчап калган. Азыр өлүмүнүн себептери иликтенип жатат.

14-декабрда да АКШга мыйзамсыз өтүүнү көздөгөн гватемалалык үй-бүлөнүн 7 жаштагы кызы чарчап калган. Буга анын көп күн ачка жүргөнү себеп болушу ыктымал деп айтылууда.

Октябрдан тарта Борбордук Америкадагы Гватемала, Гондурас, Сальвадордон чыккан миңдеген адам АКШ-Мексика чегине жөө келишти. Алар каатчылыктан улам мекенин ташташканын айтышып, Кошмо Штаттардын аймагына киргизүүнү талап кылып жатышат. АКШ президенти Дональд Трамп бир да мыйзамсыз мигрант чек арадан өтпөй турганын билдирип, чек арада аскерлерди көбөйткөн. Бул үчүн аны оппозиция жана укук коргоочулар катуу сындап келишет.

XS
SM
MD
LG