Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Украинада аскердик режим соңуна чыкты


Барымтага алынган украин кемелери.
Барымтага алынган украин кемелери.

Украинанын он облусундагы аскердик абал бүгүн токтотулганын президент Петро Порошенко билдирди. Режим Орусия Украинанын үч кемесин аткылап, андагы 24 суучулун барымтага алгандан кийин 26-ноябрда киргизилген.

Украин кемелери Керч кысыгынан Азов деңизине карай өтүп баратканда барымтага алынган.

Москва кемелер орусиялык суу аймагына эскертүүсүз кирип барышканын, артка кайтуу буйругун укпай койгонун билдирген.


Киев болсо кысыктан өтүү үчүн Орусиянын уруксатын алуунун зарылдыгы жок деп эсептейт.

- Мен баса белгилейм, Украина эч качан Азов деңизиндеги портторун колдонууну, анын ичинде аскер кемелери үчүн колдонууну токтотпойт. Чындык биз тарапта. Укук жана эл аралык укук, ошондой эле эл аралык коомчулуктун колдоосу да биз тарапта, - деди президент Порошенко 26-декабрдагы билдирүүсүндө.

Аскердик режимге ылайык, бир топ чектөөлөр киргизилген. Анын ичинде 16-60 жаштагы орусиялыктардын Украина аймагына өтүүсүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG