Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Порошенко Азов деңизине НАТОдон жардам сурады


Президент Петро Порошенко жана коргоо министри Степан Полторак украин аскерлеринин машыгуусуна барган учур. 28-ноябрь, 2018-жыл.
Президент Петро Порошенко жана коргоо министри Степан Полторак украин аскерлеринин машыгуусуна барган учур. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко НАТОдон өлкөсүн коргоого жардам иретинде Азов деңизине аскердик кемелерди жөнөтүүнү суранды.

Порошенко бул тууралуу Азов жана Кара деңиз кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемеси менен 24 морягын кармап, алардын баарын эки айга камаган учурда айтып жатат. Киев “агрессия”, Москва “чагым”деп баалаган ошол окуядан улам Украина НАТО жана Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларын күчөтүшүнө үмүт артууда.

Украин президенти Петро Порошенко 29-ноябрда германиялык “Bild” гезитинде жарыяланган маегинде Түндүк-Атлантикалык Альянсты Азов деңизине аскердик кеме жөнөтүүгө үндөдү.

“Биз НАТО мамлекеттери Украинаны колдоп, анын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Азов деңизине аскердик кемелерин жөнөтүүгө даяр деп үмүттөнөбүз. Путин түшүнө турган жалгыз тил - Батыш дүйнөсүнүн тилектештиги. Биз Орусиянын агрессивдүү саясатын кабыл ала албайбыз. Биринчиси Крым болду, андан кийин Украинанын чыгышы болду, эми ал Азов деңизин алгысы келет” деди украин президенти немис гезитиндеги маегинде.

Порошенко ошондой эле “Путин өзүн Орусиянын императору, Украинаны болсо анын колониясы катары көрөт” деп да ырастаган.

Петро Порошенко украин аскерлеринин машыгуу борборуна барган учур. 28-ноябрь, 2018-жыл.
Петро Порошенко украин аскерлеринин машыгуу борборуна барган учур. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Украин лидери деңиздеги тирешүүдөн кийин “Киев азыр Орусия менен кайрадан толук масштабдуу согуш абалына кептелди” деген көз карашты карманууда.

- Азов деңизиндеги окуядан кийин биз Украинанын Куралдуу күчтөрү кургактан кол салуу болгон учурда анын мизин кайтарышын камсыз кылышыбыз керек эле. Орусиянын танктары али кете элек, чек арада кала берүүдө. Андыктан мен кимдир-бирөө муну көңүл ачуу же оюн катары карашын каалабайм. Өлкө Орусия Федерациясы менен толук согуш коркунучунда турат, - деди Порошенко 27-ноябрдагы теле интервьюсунда.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков украин президентинин НАТОдон Азов деңизине кеме жиберүүнү өтүнүшүн дароо сындап, муну чыңалууну ого бетер күчөтүүчү жана ички саясий максаттарды, шайлоону эске алган кадам катары баалады.

Азов деңизи Орусия 2014-жылы аннексиялаган Крым жарым аралын Украина менен Орусиянын негизги бөлүгүнөн ажыратып турат.

Ал эми Азов жана Кара деңиз кошулган Керч кысыгында Орусия быйыл май айынан тартып Крымды анын калган бөлүгү менен кургактан туташтырган чоң көпүрөнү пайдаланууга берген болчу.

Керч кысыгы болсо Кара деңизден Азов деңизине кемелер өтө ала турган жалгыз жол. Азовдо Украинанын бир нече порттору бар. Керч кысыгынын тосмолонушу - Украина ошол портторуна деңизден кирип чыга албай калат деген сөз. Кара деңизде болсо НАТОнун кемелери да күзөттө жүрөт.

Кара деңиз жана Азов деңизи кесилишкен аймактын картасы.
Кара деңиз жана Азов деңизи кесилишкен аймактын картасы.

Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн командачысы Игорь Воронченконун айтымында ал НАТОнун курамындагы Түркиядан Кара жана Мармар деңиздери кесилишкен Босфор кысыгын Орусиянын аскердик кемелери үчүн жабууну өтүнгөнү жатат.

НАТО Украинага буга чейин эле колдоо көргөзүп, Орусияны кармалган кемелер менен моряктарды бошотууга чакырган. Баш катчы Йенс Столтенберг Орусиянын аракеттеринин кесепеттери болорун эскерткен:

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

- Орусиянын Крымды, Кара жана Азов деңиздерин дагы эле милитаризациялап жатышы Украинанын эгемендиги үчүн кошумча коркунучтарды жаратып, аймактагы туруктуулукка шек келтирет. Орусия анын аракеттеринин кесепети болорун түшүнүшү абзел. Дал ушул үчүн НАТО Орусиянын Украинага каршы аракеттерине каршы чечкиндүү реакция кылган. НАТО боюнча өнөктөштөр экономикалык санкция киргизген.

Керч кысыгындагы жаңжалдан кийин Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө НАТОнун Европадагы мүчөлөрү - Польша, Британия жана Балтика өлкөлөрү да чакырышты.

Бирок үч күндүк талкуудан соң Евробиримдиктин курамындагы 28 өлкө азырынча билдирүү менен гана чектелип, анда кырдаалга мындан ары байкоо жүргүзүлөрү, Орусиянын күч колдонушуна жол берүүгө болбой тургандыгы белгиленди.

Буга чейин өткөн айда Европа парламенти Москваны Азов деңизин милитаризациялап жатканы үчүн айыптаган атайын резолюция да кабыл алган. Анда Москванын Азов деңизиндеги аракеттери “блокада”, Украинанын “эгемендигин”, “эл аралык деңиз укугун” бузуу катары мүнөздөлгөн. Европарламент ошондой эле бул көрүнүш улана берсе Орусияга каршы санкциялар күчөтүлөрүн да эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG