Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:44

"Талибан" менен ооган өкмөтүнө Иран да арачы түштү


Иран жана Ооганстан коопсуздук кызматкерлеринин Кабулдагы жүздөшүүсү. 26-декабрь, 2018-жыл.
Иран жана Ооганстан коопсуздук кызматкерлеринин Кабулдагы жүздөшүүсү. 26-декабрь, 2018-жыл.

Иран ооган талибдери менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани 26-декабрда Кабулга барган учурда билдирди.

ИРНА маалымат агенттиги Шамхани “Ооганстандагы коопсуздук проблемасын ооздуктоого көмөктөшүү” иретинде сүйлөшүү жүргөнүн айтты деп кабарлайт.

“Ооган өкмөтү талибдер менен байланыш жана сүйлөшүүдөн кабардар болушту. Бул процесс уланат” дейт Шамхани.

Жолугушуу кай жерде жана качан өткөнү маалымдалган эмес.

17-декабрда АКШ, Пакистан жана Сауд Арабиянын өкүлдөрү «Талибандын» кишилери менен Абу-Дабиде жолугушкан. Үч күндүк жолугушууда тараптар элдешүү маселесин талкуулашкан. Бирок талибдер ооган өкмөтү дайындаган сүйлөшүүчү топ менен жолугушуудан баш тарткандан кийин элдешүүдөн майнап чыгарынан АКШ күмөн санаган.

Талибан менен эл аралык коомчулук тааныган ооган өкмөтү 17 жылдан бери кармашып келет. Акыркы маалыматтарга караганда талибдер Ооганстандын 40 пайыздан кем эмес аймагын көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG