Qatar Airways компаниясы Кыргызстан менен аба каттамын ачуунун келечеги тууралуу изилдөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Катардагы кыргыз элчиси Нуран Ниязалиев билдирди.
Дипломаттын айтымында, компаниянын өкүлдөрү Доха-Бишкек-Доха каттамы ачылса анын пайда-чыгымы, “Манас” эл аралык аэропортунун шарттары кандай болот деген уюштуруу, каржылык, чарбалык маселелерди талкуулап жатышат.
Авиакаттам ачуу боюнча чечим ошол изилдөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынат.
- Кыргызстандан Доха аркылуу дүйнөнүн 160тан ашуун аэропортуна учууга шарт түзүлөт. Соода-сатыкка оң таасирин тийгизет, анткени биздин өндүрүмдөрдү Катарга жеткиргенге мүмкүнчүлүк ачылат. Бул каттам инвестиция жаатында кызматташууга да жардам берет – азыр катарлык инвестор Кыргызстанга жетиш үчүн абдан узак убакыт керек. Бизге Стамбул аркылуу жетиш үчүн 20 саат талап кылынарын укканда көпчүлүк ишкерлер Кыргызстанга болгон кызыгуусун жоготууда. Биздин ишкерлерге да жакшы болмок, себеби алар Бишкектен Катарга түз учуп калышмак.
Элчи белгилегендей, бул каттамды ачууга эки тараптан тең кызыгуу чоң. Ошону менен катар “Манас” аэропортунун деңгээли, аброю көтөрүлүп, аны аймактык хабга айлантууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Авиакаттам ачуу тууралуу макулдашууга эки өлкөнүн өкмөттөрү быйыл январь айында кол коюшкан. Кыргызстан бул документти ратификациялады.
Эгер келишим ишке аша баштаса каттамдардын саны аптасына 2-3 жолу болуп, кийин көбөйүшү ыктымал. Мисалы, Бакуга, Ереванга жумасына алгач үч каттам эле болсо, азыр, бир жыл өтпөй, Бакуга бир күндө үч, Ереванга эки жолу учуп жатышат. (RK)