Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Абакта иштеп каза болгондордун балдарына балаты майрамы уюштурулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу кызматында бүгүн атасы же энеси иш учурунда каза болгон кызматкерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди:

- Бейпил заман болсо деле кызмат учурунда же оору-сыркоодон каза болгон кызматкерлерибиздин балдары бар. Аларга жыл сайын чакан майрам уюштурабыз.

Сабатарованын айтымында, жаза аткаруу тутумунда жумуш учурунда каза болгон кызматкерлердин жалпы саны 20 адамдын тегерегинде.

Кыргызстанда 11 түрмө, 14 жатак абак жана 6 тергөө абагы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG