Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:29

Балдар үчүн жазылган китептердин сынагы жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Балдар адабияты багытында республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сынактын максаты – кыргыз тилин өнүктүрүү, аны бала бакчадан үйрөнө баштоого шарт түзүү.

Кыргыз тилинде жазылган поэтикалык чыгарма, прозаикалык чыгарма жана башка тилден которулган чыгарма деген үч номинация боюнча мыкты китептер аныкталып, сыйлык тапшырылат.

Сынакка материалдар 1-мартка чейин кабыл алынары айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG