Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Порошенко: 24 аскерибизди кайтара албай жатабыз


Петр Порошенко.
Петр Порошенко.

Украинанын он облусундагы аскердик абал токтотулганын президент Петр Порошенко шаршемби күнү билдирди. Режим Орусия Украинанын үч кемесин аткылап, андагы 24 суучулун барымтага алгандан кийин 26-ноябрда киргизилген.

Тилекке каршы, биз баарына жетише алган жокпуз. Биринчиден, украиналык 24 деңиз аскерин үйүнө кайтара албай жатабыз. Бирок “Украина силер менен!” деп президенттин, башкы колбашчынын, Коопсуздук кеңешинин жана украин элинин колдоо сөздөрүн айткым келет, - деди Порошенко.

Украин кемелери Керч кысыгынан Азов деңизине карай өтүп баратканда барымтага алынган.

Москва кемелер орусиялык суу аймагына эскертүүсүз кирип барышканын, артка кайтуу буйругун укпай койгонун билдирген.

Киев болсо кысыктан өтүү үчүн Орусиянын уруксатын алуунун зарылдыгы жок деп эсептейт.

Аскердик режимге ылайык, бир топ чектөөлөр киргизилген. Анын ичинде 16-60 жаштагы орусиялыктардын Украина аймагына өтүүсүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG