Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Казакстан Кыргызстанга күйүүчү майды экспорттой баштайт


Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев 26-декабрда журналисттерге маалымат берип жатканда, 2019-жылы Казакстан Кыргызстанга күйүүчү майды экспорттой баштай турганын айтты. Бул маалыматты казакстандык "Tengrinews" агенттигинин кабарчысы Ботагоз Айтжанова да "Азаттыкка" тастыктады. Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев журналисттерге сүйлөп жатып буларды айтты:

- Өткөн аптада биз кыргыз тараптын жообун алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыр макулдашылган келишимдин версиясын бардык мамлекеттик органдарга жөнөттүк. Эгер жаңы жылга чейин үлгүрүп калсак, январдын биринчи жарымында Кыргызстан менен тийиштүү келишимге кол коёбуз. Эгер кол койсок февралда бензинди экспорттой баштаганга мүмкүнчүлүк ачылат. Бирок биз дизель күйүүчү майын экспорттобойбуз, себеби оболу биз чек арабызды бекемдеп, көмүскө ташылып жаткандарга бөгөт коюп, Казакстандын ичиндеги керектелип жаткан майдын көлөмүн так эсептеп чыгышыбыз керек. Биз чек арага бекеттерди коюп, экспортту көзөмөлдөөнү күчөтөбүз.

Расмий маалыматка ылайык Казакстан 2018-жылы 90,3 миллион тонна мунай өндүргөн. 2017-жылы бул көрсөткүч 86,2 миллион тоннаны түзгөн. Ал эми экспорттолгон мунайдын көлөмү 71,5 миллион тонна болгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Казакстандын рыногунда күйүүчү май ашыкча өндүрүлө баштаганын жана аны Кыргызстанга экспорттоого сүйлөшүүлөрдү ыкчам жүргүзүү керектигин айтып чыккан. (KR)

XS
SM
MD
LG