Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Украина: орусиялык эркектерге байланыштуу чара уланат


Орусия менен Украинанын чек арасы.
Орусия менен Украинанын чек арасы.

Украинада аскердик абал токтотулганына карабастан Орусиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарына өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган чара улана берет. Бул маалыматты Украинанын Ички иштер министрлигинин өкүлү Сергей Яровой ырастады.

Мындан тышкары Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши Орусия менен чек араны тыкыр көзөмөлдөөнү улантууну сунуштаганы белгилүү болду.

Украина ноябрь айынын соңунда Керч кысыгында болгон жаңжалдан көп өтпөй өлкөнүн бир катар аймактарында аскердик абал жарыялаган. Аны улай орусиялык эркектерге Украинага кирүүгө тыюу салынган.

Аскердик абал маалында Украина 1,5 миңден ашык орус жарандарын өз аймагына киргизген жок. Расмий Киевдин маалыматы боюнча, бул мөөнөт ичинде Орусия да 350дөн ашык украин жаранын өз аймагына кирүүгө уруксат берген эмес.

Бир күн мурда украин президенти Петро Порошенко өлкөдөгү аскердик абал токтотулганын жарыялады.

25-ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Кара деңизден Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын “агрессия” деп атаган. Орус президенти Владимир Путин бул окуяны Киевдин "чагымы" деп мүнөздөп, кармалган украин аскерлеринин тагдыры тергөөнүн жыйынтыгына жараша чечилерин билдирген.

XS
SM
MD
LG