Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Президент Трамп Германиядагы америкалык базага келди


АКШ президенти Германиядагы америкалык аскерлер менен, 27-декабрь 2018-жыл.
АКШ президенти Германиядагы америкалык аскерлер менен, 27-декабрь 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы күтүүсүз сапарынан кийин Германиядагы америкалык базага келди. Анын учагы 27-декабрда Рамштайн аба базасында конду. Трамп базада ондогон америкалык аскерлер менен учурашып, сүрөткө түштү.

Бир күн мурда президент Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп алдын ала жарыяланбаган сапары менен Ирактагы Ал-Асад аскердик базасына барган. Бул Трамптын согуш токтобогон аймактагы алгачкы сапары болуп калды.

Ал Ирактагы америкалык аскерлердин алдында сүйлөп жатып, АКШ бул өлкөдөгү күчтөрүн чыгарбай турганын айтты:

"АКШнын күчтөрү Сириядан жакшы ойлонулган тартип менен чыгарылат. Абдан жакшы пландалган жана мыкты уюштурулган тартип менен... Ошол эле маалда "Ислам мамлекети" тобунун кайра баш көтөрүүсүн алдын алуу, АКШнын кызыкчылыктарын коргоо жана Иранга көз салып туруу үчүн америкалык күчтөр Иракта калат",-деди Трамп.

Иракта АКШнын бир нече аскердик базасы бар. Алардагы аскерлердин саны 5 миңдин тегерегинде.

19-декабрда Трамп алдыңкы айларда америкалык аскерлер Сириядан чыгарыларын айтып, бул чечимин өлкөдө ИМ тобу кыйроого учураганы менен түшүндүргөн. Анын бул билдирүүсү өлкөнүн ичинде да, тышында да каршы пикирлерди жараткан. Бул жарыядан көп өтпөй коргоо министри Жеймс Мэттис кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG