Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:22

Нарында Солтон-Сары кенине байланыштуу жыйын өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын районунун Миң-Булак айылында 300дөй киши чогулуп, Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы жыйын өткөрдү. Ага миңбулактыктардан сырткары Эмгекчил, Он-Арча айылдарынын тургундары катышты. Алар бийликке "кенди иштеткен компания ишин токтотуп, чыгып кетсин" деген талап коюшту. Ага Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана саясатчы Адахан Мадумаров катышты.

Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн кытайдын “Jhong ji Mining” компаниясы Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулмак. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда. Учурда кенге барчу жол салынууда.

Ишкана жерди убактылуу пайдалануу үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Солтон-Сары алтын кенинде "Кыргызалтынга" тийиштүү алтын комбинаты бар. Жергиликтүү тургундар "комбинаттан чыккан саркынды суу жайытка тарап, мал-жанга зыян тийгизип жатат" деп кабатыр болуп келатышат. (КЕ/MiK)

XS
SM
MD
LG