Орусиянын Хабаровск шаарында бейшемби күнү бир киши граната жардырып, андан өзүнүн өмүрү кыйылды. Дагы үч адам жаракат алганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, шектүү шаардагы өндүрүш базасындагы павильондордун бирин тоноп жатканда аны базанын кызматкерлери көрүп калышкан. Алар шектүүнү кармоого аракет кылышканда ал гранатасын жардырып жиберген.
Бул окуядан жаракат алган эки эркек жана бир аял ооруканага жеткирилди. Жергиликтүү полиция аймакты курчоого алды. Окуянын чоо-жайы боюнча бийлик өкүлдөрү толук маалымат берише элек.
Орусиянын аймактарында бул сыяктуу жардыруулар буга чейин да катталган. 31-октябрда Архангельск шаарында 17 жаштагы жергиликтүү тургун ФСБнын жергиликтүү башкармалыгынын кире беришинде колго жасалган жарылуучу жабдыкты жардырып жиберген. Андан Федералдык коопсуздук кызматынын үч кызматкери жараат алган. Шектүү жардыруудан көп өтпөй, биринчи жардам көрсөтүлүп жаткан учурда каза тапкан.