Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

ФСБдагы жардыруу теракт катары бааланды


Жардырууну уюштурду делген 17 жаштагы жергиликтүү тургундун көзөмөл камерасынан алынган сүрөтү.
Жардырууну уюштурду делген 17 жаштагы жергиликтүү тургундун көзөмөл камерасынан алынган сүрөтү.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Архангельск шаарындагы имаратында жардыруу болду. Андан жардырууну уюштурду деп шектелип жаткан 17 жаштагы жергиликтүү тургун каза тапты. ФСБнын үч кызматкери жараат алды. Тергөө комитети окуяны теракт катары мүнөздөдү.

ФСБнын Архангельск шаарындагы башкармалыгында жардыруу шаршемби күнү таңында болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 17 жаштагы жергиликтүү тургун имараттын кире беришинде, металл аныктоочу аппаратка жакын калганда колго жасалган жардыруучу жабдыкты ишке киргизген.

Ал жардыруудан көп өтпөй, биринчи жардамды көрсөтүү учурунда каза тапкан. Тергөө комитети шектүүнүн көзөмөл камераларынан алынган сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөттөн ФСБ имаратынын кире беришиндеги көк рюкзак кармаган жаш жигитти көрүүгө болот. Расмий органдар анын тек-жайы аныкталганын билдиргени менен аты-жөнүн ачыкка чыгарыша элек.

Бул окуядан ФСБнын үч кызматкери жараат алды. Болжол менен жардыруучу заттын кубаттуулугу тротил эквиваленти менен 250-300 грамм деп бааланды. Жардыруудан кийин имараттагылар эвакуацияланып, Архангельск шаарындагы бардык коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Орусиянын укук коргоо органдары бул окуяны террорчул акт катары мүнөздөп жатышат.

- Тергөө комитетинин төрагасынын тапшырмасы менен ФСБнын Архангельсктеги башкармалыгында болгон жардыруу боюнча кылмыш иши мындан аркы иликтөө үчүн борбордук аппаратка берилди. Бул окуя Кылмыш кодексинин “Террорчул актты ишке ашырууга” жана “Курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүүгө” байланыштуу беренелери боюнча квалификацияланды, - деп билдирди Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренко.

ФСБнын имаратынын алдындагы жардыруу болгондон кийинки жагдай, 31-октябрь 2018-жыл.
ФСБнын имаратынын алдындагы жардыруу болгондон кийинки жагдай, 31-октябрь 2018-жыл.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары кеп жергиликтүү политехникалык коллеждин студенти тууралуу жүрүп жатканын, ал анархисттердин идеяларына жан тартып келгенин жазып жатышат.

Алардын маалыматы боюнча, жардыруу болордон жети мүнөт мурда “Телеграмдагы” “Козголоңчулардын кептери” деп аталган анархисттердин группасында Валерьян Панов аттуу колдонуучу ФСБны бутага алган окуя болорун жазган:

- Жолдоштор, азыр Архангелськ шаарындагы ФСБ имаратында теракт болот. Ага жоопкерчиликти өзүмө алам. Себептери силерге түшүнүктүү. ФСБ жасалма иштерди ачып, элди кыйнап жатат, - деп айтылган 31-октябрда эртең мененки саат 8:45те жарыяланган билдирүүдө.

Орус медиасы Валерьян Панов деген колдонуучунун артында Михаил Жлобитский деген жергиликтүү политехникалык коллеждин студенти турушу мүмкүндүгүн жазып жатышат.

Znak.com басылмасы анын жардыруу болгон жерде табылды делген студенттик билетинин сүрөтүн жарыялады. Архангельсктеги бул окуу жай окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Расмий органдар маалымат каражаттарындагы мындай кабарларды тастыкташа элек.

Архангельск шаарындагы окуя болгон район, 31-октябрь 2018-жыл.
Архангельск шаарындагы окуя болгон район, 31-октябрь 2018-жыл.

Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренко 17 жаштагы жергиликтүү тургунду бул кадамга түрткөн себептер иликтенип жатканын айтуу менен гана чектелди:

- Тергөөчүлөр тобу жашы жете элек бала кимдер менен байланышта болгонун, анын үй-бүлөсүндөгү жана окуп жаткан техникумундагы жүрүм-турумун дыкат изилдеп чыгат. Мындан тышкары анын тыюу салынган уюмдардын мүчөсү болгону же болбогону да иликтенет. Ал жашаган жерде тинтүү жүргүзүлүп жатат.

Жардыруу болгондон кийин шектүүнүн башка да тилектештери болушу мүмкүн деген кооптонуулар болгон. Бирок Орусиянын укук коргоо органдары 17 жаштагы жергиликтүү тургун өзү жалгыз иш алып барганын билдиришти.

Орусиянын Дагестан же Чечестандан башка аймактарында коопсуздук кызматтарын бутага алган мындай окуялар сейрек катталат. Ошентсе да былтыр апрель айында Хабаровскидеги ФСБнын башкармалыгында кол салуу болуп, анда үч кишинин өмүрү кыйылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG