Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Боснияда студенттин өлүмүн иликтөөнү талап кылган жүрүштөр уланууда


Баня-Лука шаарындагы нааразылык, 26-декабрь 2018-жыл.
Баня-Лука шаарындагы нааразылык, 26-декабрь 2018-жыл.

Сербияда жана Боснияда 21 жаштагы студент Давид Драгичевичтин табышмактуу өлүмүн иликтөөнү талап кылган нааразылык акциялары уланууда. Шаршемби күнү жүздөгөн адамдар серб баш калаасы Белградда жана Босниянын Сараево жана Баня-Лука шаарларында жүрүшкө чыгышты.

Драгичевичтин сөөгү быйыл март айында Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб автономдук республикасынын иш жүзүндөгү борбору саналган Баня-Лукада табылган.

Студенттин атасы Давор Драгичевич уулун уурдап кетишип, кыйнап өлтүрүшкөнүн, мунун артында полиция кызматкерлери турарын билдирген. Прокуратура студент киши колдуу болгонун ырастаган эмес. Натыйжада ушул күнгө чейин эч кимге расмий айып тагыла элек.

Эки күн мурда маркум студенттин атасы кыска убакытка кармалып, кайра бошотулду. Босниянын полициясы Давор Драгичевич ички иштер министринин дарегине айткан коркутуулары боюнча көрсөтмө берүүгө келбегени үчүн кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG