Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Саудия бийлигинде ири кадрдык өзгөрүүлөр жасалды


Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман.
Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман.

Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз өкмөттө ири кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. 27-декабрда белгилүү болгондой, падыша тышкы иштер, маалымат жана билим берүү министрликтери сыяктуу бир катар өкмөттүк мекемелерге жаңы жетекчилерди дайындады.

Ошондой эле Саудиянын экономика жана коопсуздук тармактарын тескеген эки жогорку кеңешинде кадрлар алмашты. Бул эки мекемени тең Саудиянын мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман жетектейт.

Жаңы кадрдык өзгөрүүлөр анын ыйгарым укуктарын чектеген жок. Мураскер ханзада Саудиянын премьер-министринин орун басары жана коргоо министри кызматтарын аркалайт.

Бул жолку дайындоолор тескерисинче Мухаммен бин Салмандын бийлигин бекемдегени, себеби бир катар өкмөттүк мекемелердин башчылыгына ханзаадага жакын делген адамдар келгени маалымдалды.

Маселен, мураскер ханзаада башкарган "Saudi Aramco" мунай компаниясынын жана Коомдук инвестиция фондунун директорлор кеңештеринин мүчөсү Ибрахим ал-Ассаф тышкы иштер министри болуп дайындалды.

Ханзааданын жардамчысы Турки-Ал-Шейх концерттерди жана маданий иш-чараларды уюштурган өкмөттүк мекеменин жетекчиси болуп калды.

Бул кадрдык өзгөрүүлөр падышалыкты сындап келген журналист Жамал Хашогжи Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөндөн дээрлик үч айга жакын убакыт өткөндөн кийин жасалды.

Бир катар Батыш өлкөлөрүндө журналисттин өлүмүнө Саудиянын мураскер ханзаадасын күнөөлөгөн билдирүүлөр айтылган. Бирок сауд бийлиги бул дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG