Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Абанын булганышына каршы экологиялык акция өтөт


Бишкек.
Бишкек.

Бүгүн Бишкекте абанын булганышына каршы экологиялык акция өтөт. Аны жигердүү жарандар тобу уюштуруп жатат. Акциянын максаты – шаар тургундарына аба кандай болуп жатканы тууралуу маалымат берүү экени айтылды.

Уюштуруучулар баш калаада аба нормадан ашык булганган деп эсептешет. Ошондуктан алар символикалык түрдө бет каптарды жана баракчаларды таратып, ошол жерге абанын тазалыгын өлчөөчү аппарат алып келишет.

Жакында "Move Green" коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик мындай маалыматты четке кагууда.

Бирок күн сууктап, от жагыла баштаганы Бишкектин асманын ыш каптады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну тастыктаган сүрөттөрдү Интернетке жүктөп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG