Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Путин Кыргызстанга мунай өндүрүмүн ташуу боюнча келишимге кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мунай өндүрүмүн ташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык келишимин ратификациялоо боюнча федералдык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бир катар орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Бул маалыматты "Азаттыкка" Кыргызстандын Мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов да ырастады.

Буга чейин 6-декабрда Кыргызстан менен Орусия бир миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу майды кошумча алымы жок ташуу боюнча келишимге кол койгон. Анын көлөмү керектөөгө, суроо-талапка жараша өзгөрүшү ыктымал.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кескин кымбатташы ушул жылдын башында эле байкалды. Мунай ташуучу компаниянын маалыматына ылайык, жарым жылда эле бензиндин баасы 6,5 пайызга, дизелдин баасы 11 пайызга көтөрүлгөн.

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген.

2018-жылдын январь айынан баштап Кыргызстанга 504 миң тонна мунай өндүрүмү жеткирилген. Анын 234 миң тоннасы бензин болсо, 270 миң тоннасы дизелдик күйүүчү май. (KR)

XS
SM
MD
LG