Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү


Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин.
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди жаңы жыл жана рождество майрамы менен куттуктады. Андан сырткары эки тараптуу кызматташтык тууралуу да сөз болгон.

Жээнбеков бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, келе жаткан жаңы 2019-жыл менен куттуктаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG