Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

АКШ: Царнаевге чыккан өкүм боюнча сотко доо арыз жөнөтүлдү


Жохар Царнаев.
Жохар Царнаев.

2013-жылдын апрель айында АКШнын Бостон шаарында болгон жардыруу боюнча өлүм жазасына кесилген Жохар Царнаевдин адвокаттары бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко доо арыз жөнөтүштү. 27-декабрда Бостондогу доо арыздар боюнча сотко келип түшкөн өтүнүчтө адвокаттар өз кардарынын иши кандуу чабуул болгон шаарда калыс караларынан күмөн санашкан.

"Бул иш Бостондо каралбашы керек болчу", деп жазышкан адвокаттар. Алар бомба чабуулу маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылганын, сот арачыларынын чечимине жабырлануучулардын "жүрөк ооруткан окуялары" таасир этиши мүмкүн экенин белгилешкен. Ошондой эле буга чейинки соттук териштирүү учурунда айрым мүчүлүштүктөргө жол берилгенин да айтышкан.

2013-жылы 15-апрелде Бостондогу марафон маалындагы жардыруудан үч киши өлүп, 260тай адам жарадар болгон. Быйыл 25ке чыккан Жохар Царнаев үч жыл мурда бул окуя боюнча күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына кесилген. Теракттан көп өтпөй колго түшүрүлгөн Царнаев өкүм чыгаар алдында теракт уюштурганын мойнуна алган. Жардырууну уюштургандардын бири, Жохардын агасы Тамерлан полиция менен атышууда окко учкан.

Чечен улутундагы Царнаевдердин үй-бүлөсү кезинде Кыргызстанда жашаган. Кийинчерээк Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунун убагында АКШга жер которгон. Жохар 2012-жылы АКШ жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG