Жаңы жылдык майрам күндөрү Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, бул мөөнөт 29-декабрдан 8-январга чейин уланат.
Мындай чара коомдук коопсуздукту сактоо жана ар кандай кырдаалдардын алдын алуу максатында жасалып жатат. Айрыкча бул күндөрү Жаза аткаруу кызматынын бардык мекемелериндеги өткөрмө бекеттерде көзөмөл күчөтүлөт.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 15 миңдей адам абакта. Басымдуу бөлүгү Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”, “уурулук”, “алдамчылык” жана “маңзатты мыйзамсыз сатуу жана сактоо” беренелери боюнча соттолгон. (TSh)