28-декабрдан тарта Грузияда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча жаңы мыйзам ишке кирди. Ага ылайык, кылмышкер эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Мурдагы мыйзамда бул кылмышка барган адам бир жылга чейин соттолчу.
Ал эми коргоо ордерин бузган киши мурда административдик айыпка жыгылып келсе, эми кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган болду.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук үчүн жазанын катаал түрү колдонулат.
2017-жылы Грузияда укук коргоочулар парламенттин тийиштүү комитетине сексуалдык ыдык көрсөтүү жана администравдик, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. (TSh)