Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:55

Кант авиабазасындагы аскер жабырлануучу тарапка 500 миң сом кенемте сунуштаган


Адам өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн аскер жабырлануучу тарапка кенемте катары 500 миң сом төлөп берүүнү сунуштап жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» жабырлануучу тараптын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

- Ал башында миллион сом сунуштап жаткан. Андан кийин 500 миң сом деп калды. Биздин укук коргоо органдары эл аралык макулдашууга байланыштуу аны жазага тарта албайт. Биздики фактыны тергеп, ишти Орусиянын тергөө комитетине өткөрүп бериши керек. Азыр биздин укук коргоо органдары ишти өткөрүп бере элек.

27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен кетип бараткан аялды сүзгөн.

Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

29-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Чекмазов жана Кант авиабазасынын жетекчилигинен Андрей Янкин Лебединовка айылындагы жол кырсыгы боюнча чакыртылган. Анда кыргыз тарап жол кырсыгындагы автоунаанын айдоочусу, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн К.Азановду тергөө иштерине катыштыруу жана жабыркагандарга кенемте төлөө маселесин койгон.

Орусия тарап жол кырсыгында каза болгон маркум А.Курманкалиеванын жакындарына көңүл айтып, айдоочунун тергөөгө катышуусун камсыз кылууга жана кенемте төлөп берүүгө даяр экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG