Египетте туристтик автобус жарылып, Вьетнамдын жарандары жана бир жергиликтүү гид мерт кетти. Андан сырткары он бир киши жараат алып, алардын көпчүлүгү вьетнамдык туристтер болгон.
Жардыруу жума күнү кечинде Гиза пирамида комплексине болжолдуу төрт чакырым жакын аймакта болгон. Колго жасалган жардыруучу зат жолдун жээгине жайгаштырылып, автобус өтүп бара жатканда жарылган. Андан автобустун бир капталы талкаланган.
Жардыруу боюнча азырынча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Бул Египетте бир жылдан бери туристтерди бутага алган алгачкы чабуул болуп жатат.
2011-жылдагы саясий өзгөрүүлөр, толкундоолордон кийин өлкөгө келген туристтердин саны кескин кыскарган. Өлкө казынасына ири каражат алып келген туризмдеги мындай абал Египеттин экономикасына терс таасирин тийгизген. (TSh)