Бишкек мэриясы шаардагы жер тилкелерин сынак аркылуу ижарага берүүгө эки жылга мораторий жарыялоо боюнча токтом долбоорун даярдады. Учурда токтом шаардык кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ал эми мэрия жер тилкелерин ижарага Интернетте акцион аркылуу берүү боюнча токтом долбоорун даярдап жатат.
Буга чейин мэр Азиз Суракматов Бишкекте ижарага алып иштетилбей жаткан тилкелердин ижара акысын эки эсе көтөрүүнү сунуш кылган.
Суракматов учурда ижарага алынган жерди кайра сатуу үчүн эч нерсе салбай кармап турган кызык кулактар бар экенин билдирген. Мэрдин маалыматына караганда үч жыл ичинде Бишкекте 84 гектар жер берилип, анын көпчүлүгүндө сынак ачык өткөн эмес.
Кийинки жылдары "Бишкекте жерлер мыйзамсыз, жең ичинен берилип жатат" деген дооматтар күчөгөн. (TSh)