Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ЖЭБ боюнча айыпталып жаткан аткаминерлердин абактагы мөөнөтү узартылды


Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга жана ишкананы модернизациялоого байланыштуу коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, парламенттин депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин абактагы мөөнөтү 2019-жылдын 13-февралына чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG