Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

31-декабрда борбордук аянтты эки миңдей милиция көзөмөлдөйт


Жаңы жыл майрамына карата милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. 31-декабрда “Ала-Тоо” аянтынын кире беришине көзөмөл пункттары орнотулат. Мындай текшерүүлөр эс алуучулардын аянтка ар кандай катуу буюмдарды, куралдарды алып кирбеши үчүн жасалып жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милиция шектүү буюмдарды көргөн учурда 102 номерине чалып, кабар берүүнү өтүндү. Ошондой эле шаардыктарды майрамдоо учурунда балдарды кароосуз калтырбоого чакырууда.

Мындан сырткары “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери да нөөмөттө турушат. Ишкана эс алуучуларды тазалыкты сактап, таштандыларды атайын урналарга таштоону өтүнөт.

Буга чейин Жол коопсуздугун уюштуруу башкармалыгы майрам күнү шаардагы айрым жолдор жабыларын эскерткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG