Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Улан-Удэ: Тик учак кулаганда төрт киши мерт кетти


Тик учак кулаган жер. Бурятия. 30-декабрь, 2018-жыл.
Тик учак кулаган жер. Бурятия. 30-декабрь, 2018-жыл.

Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарына жакын жерде менчик тик учак кырсыктап, бортундагы төрт кишинин баары курман болду.

Окуя 30-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10го жакын болгон.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Күбөлөрдүн айтымында, тик учак асманда бир нече жолу айланып жүрүп, анан кулап түшкөн. Алдын ала маалыматка караганда, тик учак Бурятиядагы белгилүү ишкер Сергей Роговго тиешелүү болчу. Ал дагы каза болгондордун арасында экени маалымдалды. Рогов үч досу менен тик учакта балык уулоого баратканы айтылды.

Азырынча аба транспортун колдонуу жана коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG