Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Ла-Манш каналын сүзүп өткөн алты ирандык табылды


Ла-Манш каналы аркылуу желим кайык менен Англияга бет алган мигрант. Кале шаары. 4-август, 2018-жыл.
Ла-Манш каналы аркылуу желим кайык менен Англияга бет алган мигрант. Кале шаары. 4-август, 2018-жыл.

Англиянын түштүк-чыгыш жээгинен Ла-Манш каналы аркылуу өткөн алты ирандык жаран табылды. Британиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 30-декабрда ирандыктар каналдан желим кайык менен сүзүп өтүшкөн. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин иммиграциялык уюмдардын карамагына жөнөтүлдү.

Өткөн айдын башынан бери ушул эле канал аркылуу Франциядан Англияга 220 киши өткөн. Желим кайык менен каналдан өтүү кооптуу экенин айткан эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип жатышат. Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастнер “Твиттердеги” баракчасына “эки мамлекет тең өз өмүрүн коркунучка салып, каналдан өткөн мыйзамсыз мигранттарга каршы аракеттерди күчөтүүнү координациялап жатат” деп жазды.

Мигранттарды салган кайыктардын көбү Кале шаарынан сууга кирет. Бул шаар көп жылдар бою Африка менен Жакынкы Чыгыштан Европаны көздөй жакшы жашоо издеп агылган "мигранттардын чордону" болуп эсептелип келген.

XS
SM
MD
LG