Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Африка мигранттарынын агымын токтотуу аргасы


Испаниянын Малага портуна келген мигранттар. 7-август, 2017-жыл.
Испаниянын Малага портуна келген мигранттар. 7-август, 2017-жыл.

Европа лидерлери Африканын эски континентти көздөй агылуусу токтобой жаткан мыйзамсыз мигранттарынын аялуу катмарына башпаанек берүү боюнча жаңы саясатты жактырды. Маселе Париждеги атайын саммитте талкууланды. Европанын жээктерине быйыл эле Жер ортолук деңизи аркылуу кайыктар менен 120 миңдей мигрант жеткен.

Парижде француз президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен өткөн саммитке конок ээсинен тышкары Германия, Италия, Испания жана Африканын Ливия, Нигер, Чад өлкөлөрүнүн лидерлери катышты.

Саммиттен кийинки билдирүүсүндө Евробиримдиктин ири төрт өлкөсү “айрыкча аялуу мигранттарды” Европада жайгаштыруу боюнча жараянды Африканын Чад жана Нигер мамлекеттеринин аймагында баштоо зарылдыгын макулдашты.

Алардын айтымында, Африка өлкөлөрүндөгү бул “коргоо миссиясы” БУУнун качкындар иши боюнча комиссарлыгы жана башка агенттиктери менен биргелешип ишке ашырылуусу керек.

Мындай кадам өз кезегинде эгер африкалык мигрант коргоого чындап муктаждыгын БУУнун качкындар мекемесине далилдеп бере алса жана Нигер, Чад мамлекеттеринин бийликтери тарабынан катталса, Европага мыйзамдуу эмиграциялануусуна жол ачат:

- Максаттарыбыз абдан түшүнүктүү. Биринчиден, адамдардын өмүрүнүн кыйылышын алдын алуу. Экинчиден, акыр аягында террорчул топтордон колдоо тапкан, адам аткезчилиги менен алектенген мафияларды жоюу. Үчүнчүдөн, биз бул жерде уккандай, европалыктарда өнүкпөгөн мамлекеттерди колдоо боюнча чоң милдет бар. Биз бул багыттагы айрым кадамдарды баштадык. Төртүнчүдөн, биз чек ара көзөмөлү чөйрөсүндө кызматташып, жээк райондорду кайтарууну кеңейтишибиз абзел, - деди Париждеги басма сөз жыйынында Испаниянын премьер- министри Мариано Рахой.

Африкалык мигранттардын Европага агымы былтыркыдан басаңдаганы менен, быйыл азыркыга чейин Жер ортолук деңизи аркылуу эл ташууга ылайыксыз кайыктарга олтуруп, жээкке жете алган мигранттар саны 120 миңдей, ал эми кайыктары оодарылганда деңизде чөгүп өлгөндөрү 2400дүн тегерегинде болду.

Быйыл ошондой эле Грецияга караганда, Италиянын жээктерине келип түшкөн мигранттар саны көбөйдү. Бирок алар Италиядан кийин Европанын башка өлкөлөрүнө, көбүнесе социалдык колдоо кыйла жакшы деп саналган Германияга жылууга умтулушат.

Париждеги саммит. 28-август, 2017-жыл.
Париждеги саммит. 28-август, 2017-жыл.

Немис канцлери Париждеги саммиттен соң адамдардын Жер ортолук деңизи аркылуу аткезчилик жол аркылуу ташылуусун токтотуу - Европанын гуманитардык жоопкерчилиги экенин айтуу менен буларга токтолду:

- Биздин аракеттерибиздин түпкүрүндө мыйзамсыз миграция жана аткезчилердин структурасы менен күрөшүү жатат. Ошол эле учурда бул гуманитардык, Европа жана Африка өлкөлөрүнүн өнүгүү үчүн өнөктөштүгү боюнча маселелерге жооп берүү. Эгер биз адамдарды аткезчилик жол менен ташыгандарды токтоткубуз келсе, буга өнүгүүгө жардам берүү аркылуу гана жетишүү мүмкүн. Германия бул жараяндын катышуучусу. Ошол эле учурда биз Европага экономикалык жүйөдөн улам келгендер өз өлкөлөрүнө кайтуусу керек деп ачык айтуубуз да керек. Өнүгүүгө жардам долбоорлору аркылуу биз ошол мамлекеттердин өзүндө көбүрөөк үмүт жаратуубуз абзел.

Канцлер Ангела Меркел Европа өлкөлөрү ким качкын макамын алууга гуманитардык жактан муктаждыгын, ким жөн эле жакырчылыктан качып жатканын так аныктоосу зарылдыгын да кошумчалады.

Париждеги саммит алдында Германия Египет менен мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча өзүнчө макулдашууга жетишти.

Акыркы эки жылда бир миллиондун тегерегинде чет элдик мигрантты, көбүнесе сириялык качкындарды кабыл алган Германияда келерки айда кезектеги парламенттик шайлоо өткөнү турат.

Мигранттар немис электоратын камтамага салган сезимтал маселелердин бири.

Париж саммитинде Түндүк Африканын Ливия, Борбордук Африканын Нигер, Чад өлкөлөрүнүн мыйзамсыз миграциядагы орду жөнүндө да сөз болгон.

Ливиянын жээк кызматы деңизден аман-эсен куткарган мигранттар. Триполи, 29-август, 2017-жыл.
Ливиянын жээк кызматы деңизден аман-эсен куткарган мигранттар. Триполи, 29-август, 2017-жыл.

Эл аралык коомчулук тааныган өкмөтү аймагын толук көзмөлдөбөгөн Ливия Европага агылган мигранттар кайык менен жолго чыккан, ал эми Нигер менен Чад-Ливиянын жээктерине жеткенге чейинки транзиттик өлкөлөр.

Европанын ири төрт мамлекети макулдашкан жаңы план боюнча эми мыйзамсыз мигранттар мына ушул өлкөлөрдүн өзүндө токтотулуп, ал эми Европага жайгашууга жүйөлүү себеби барлары ошол жерден иргелиши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG