Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

АКШда калың кардан улам жети киши көз жумду


АКШда быйыл март айында да калың кар жааган. 21-март, 2018-жыл. Вашингтон.
АКШда быйыл март айында да калың кар жааган. 21-март, 2018-жыл. Вашингтон.

АКШнын батыш жана түндүк штаттарында бир нече күндөн бери тынбай жааган кардан улам жети киши каза болду. Алардын көбү калың карда жол кырсыктарына кабылып көз жумганын маалымат каражаттары 30-декабрда кабарлашты.

Соңку бир нече күндө Кошмо Штаттардын түндүк жана батыш аймактарына түшкөн кардын калыңдыгы 30 сантиметрге жеткен. 27-декабрдан бери жүздөгөн авиакаттам токтотулуп, көбү башка маалга жылдырылган. Катуу шамал менен басылбай жааган кардан улам Түндүк Дакота, Түштүк Дакота, Миннесота, Канзас жана Айова штаттарында кан жолдор жабылды.

Метеорологдор өлкөнүн башка аймактарында да кар калың түшүп, ал эми түштүк-чыгыш бөлүгүндө нөшөрлөгөн жаан болорун эскертишти.

XS
SM
MD
LG