Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн Баткендеги жолугушуусунда быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу чек ара чатактары азайганы айтылды.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, тараптар узап бараткан жылдагы иштерди жана чек араны чогуу кайтарууда кийинки жылдагы милдеттерди талкууга алышты.
Былтыр Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында он жаңжал катталган. Баары чек ара тилкелери такталбаган жерлерде болгон. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек. (NT)