Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Бишкекте борбордук көчөлөр убактылуу жабылат

"Ала-Тоо" аянтындагы балаты. Бишкек шаары. Декабрь, 2018-жыл.
"Ала-Тоо" аянтындагы балаты. Бишкек шаары. Декабрь, 2018-жыл.

Жаңы жыл майрамына байланыштуу бүгүн, 31-декабрда Бишкекте борбордук көчөлөр убактылуу жабылат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, Чүй проспектисинин Эркиндик жана Панфилов көчөлөрүнө чейинки бөлүгү эртең мененки саат 8ден тартып жабык болот. Ал эми кечки саат 5тен тартып майрамдык иш-чаралар аяктаганга чейин Абдумомунов көчөсүнүн Разаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, Киев көчөсүнүн Эркиндик бульварынан жана Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө автоунаа кыймылы чектелет. Бүгүн борбордук Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Концерттик оюн-зоок менен коштолгон иш-чара кечке жуук башталат.

Кыргызстанда милиция 30-декабрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Мындай режим 7-январга чейин уланат. Ички иштер министрлиги 31-декабрда Ала-Тоо аянтында тартипти камсыз кылууга эки миңге чукул милиция кызматкери тартыла турганын билдирген.

Жаңы жыл түнү "Тазалык" муниципалдык ишканасы да күчөтүлгөн тартипте иштейт.  (NT)

XS
SM
MD
LG